Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Запорожьеде гуманитардык колонна аткылоого кабылып, ондогон адам каза болду


Запорожьеде аткылоого кабылгандар. 30-октябрь, 2022-жыл.
Запорожьеде аткылоого кабылгандар. 30-октябрь, 2022-жыл.

30-сентябрдын таңында Украинанын Запорожье шаарынан чыга бериште жарандык гуманитардык колонна аткылоого кабылды. Украин бийлигинин маалыматына ылайык, андан кеминде 23 адам каза болуп, 28 адам жаракат алды.

Расмий Киев аткылоо үчүн Орусияны айыптады. “Адамдар убактылуу басып алынган аймакка жакын турушкан, ал жерден туугандарын алып кетүү үчүн жардамга барышкан”, – деп жазды Запорожье администрациясынын башчысы Александр Старух.

1-октябрь Запорожье облусунун аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Украин тарап кабарлагандай, Запорожьеге орус аскерлери "С-300" ракеталык-комплексинен 16 ракета атышкан.

Орусия болсо бул аткылоо үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүн айыптады. Запорожье облусунун басып алынган аймагын башкарып жаткан Владимир Рогов окуядан бир сааттан кийин жайкын тургундар аткыланганын жазды. Ал аткылоодон 23 адам өлгөнүн, 34 адам жаракат алганын кабарлады.

Запорожье шаары – Запорожье облусунун борбору. Ал Украинанын бийлигинин көзөмөлүндө турат. Облустун башка аймактарын Орусиянын аскерлери ээлеп алышкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-сентябрда орус күчтөрү басып алган Украинанын Херсон жана Зопорожье облустарын аннексиялоого жол ачкан, аталган аймактардын "мамлекеттик эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган” жарлыкка кол койду. 30-октябрда аны Орусияга кошуу жөнүндө документке кол коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG