Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү


Соңку куралдуу кол салууда Ак-Сай айылы көп жабыркаган.
Соңку куралдуу кол салууда Ак-Сай айылы көп жабыркаган.

Ушул тушта Баткенде жумушчу сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган облуска жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейин резервде 2 миллард сом болгон жана бул каражатка дагы 1 миллиард сом кошулду.

Өкмөт башчы 30-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен районундагы Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарын кыдырды, жергиликтүү эл менен сүйлөштү.

Акылбек Жапаров Баткенге 29-сентябрда барган жана бул күнү Лейлек районунда чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарды кыдырган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айыпты койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG