Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Владимир Путин мобилизация учурунда катачылыктар кеткенин мойнуна алды


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарыялаган мобилизация учурунда катачылыктар кетип жатканын мойнуна алды. Мамлекет башчы тиешелүү жетекчилерден аны оңдоону талап кылып, негизсиз чакырылган адамдарды үйүнө коё берүүнү буюрду. Бул тууралуу пикирин ал Орусиянын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн кеңешмеде айтты.

Путин аскерге тартылган кишилер мобилизацияны уюштурууга, камсыздоого, шарттардын начардыгына жана башка нерселерге даттанып жатканын белгиледи. Президент бул чаранын алкагында аскерди адистикке жана тажрыйбага ээ адамдар гана тартылышы керектигин эскертип, ага тиешеси жокторду мобилизацияга тартпоо керектигин кошумчалады. Ал ошондой эле бардык чакырылгандар сөзсүз түрдө аскердик даярдыктан өтүшү керектигин билдирди.

Мурдараак Ростов облусунун губернатору Василий Голубев өзүнүн Телеграм-каналында мобилизациялангандардын арасындагы ден соолугунда көйгөйлөрү бар адамдар кайра кайтарылганын кабарлаган. Ага чейин Алтай крайынын губернатору Виктор Томенко аскерге чакырылган 59 киши мобилизациянын талаптарына жооп бербегени үчүн кайра үйлөрүнө коё берилгенин маалымдаган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Атайын кайрылуу жасаган учурда президент Путин өзү аскердик адистиги жана согуштук тажрыйбасы бар резервдегилер гана мобилизацияга тартыларын айткан болчу. Ага карабай Коргоо министрлиги кеңири катмардагы жарандарды аскерге тартып жатканы кабарланды. Анын ичинде армияда кызмат кылбагандар, пенсионерлер, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, программисттер да тартылып, согушка жөнөтүлүп жатат. Мобилизацияга тартылгандар аскерде жатарга, тамак ичерге жана башка нерселер шарттар жоктугун, эски курал-жарактар берилип жатканын даттанып, видеолорду чыгарып жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG