Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Кабулдун шийилер жашаган аймагындагы жарылуудан 19 адам мерт болду


Кабулдагы жарылуунун курмандыктары. 30-сентябрь, 2022-жыл.
Кабулдагы жарылуунун курмандыктары. 30-сентябрь, 2022-жыл.

30-сентябрда Кабулдун Дашти Барчи районунда жанкечти-террорчу билим берүү борборун жардырып, 19 адам мерт болду, 27 киши жаракат алды. Бул тууралуу Кабул шаарынын полициясынын “Талибан” дайындаган башкармалыгы кабарлады.

Аталган райондо негизинен Исламдын шийи багытын карманган хазарлар жашайт. Полиция билдиргендей, жарылуу киши көп бөлмөдө катталган.

Окуянын күбөлөрү “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, чабуул жасаган киши билим берүү мекемесинин сакчысына кол салып, андан кийин бөлмөлөрдүн бирине кирип, өзүн жардырып жиберген.

Kaaj жогорку билим берүү борбору негизинен студент кыздарды жана балдарды университеттерге даярдайт. Окуя болгон учурда борбордо жалпы 150дөй студент болгон.

Курмандыктардын арасында университеттерге сынак тапшырууга даярданып жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрү да бар. Жаракат алгандардын бири, Акбар аттуу студент AFP маалымат агенттигин кабарлагандай, каза болгондордун көбү кыздар.

Ооганстанда бийликти талибдер басып алган бир жылдан бери жарылуулар улам-улам кайталанып жатат. Акыркы айларда жума намаздан кийин бир нече мечиттерде жарылуулар катталды. Алардын айрымдарын уюштурууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Аталган уюм мурдараак хазарлардын жамаатын куугунтукка алып, алар жашаган жерлерде жардырууларды уюштуруп келгени белгилүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG