Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

1-октябрдын аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;

Нарын облусунда жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз да жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус болот.

XS
SM
MD
LG