Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Казакстанда Жаңы-Өзөндөгү митингдерге катышкан активисттин жазасы жети жылга узартылды


Ержан Елшибаев соттук отурумда милиция кызматкеринин кайтаруусунда.
Ержан Елшибаев соттук отурумда милиция кызматкеринин кайтаруусунда.

Казакстандын Кызылорда шаарынын соту абакта жаткан саясий активист Ержан Елшибаевдин жазасын дагы жети жылга узартты. Анын калган мөөнөтүн эске алуу менен ал дагы сегиз жыл абакта калды.

Өкүмдү жарыялоо учурунда Елшибаев бул чечим менен макул эмес экенин айтты. “Бул мыйзамсыздык. Мынчалык жаза бергидей, мен адам өлтүргөн эмесмин”, – деди активист.

Ержан Елшибаев жаңы айыптоо ал абакта отурган жагдайга байланыштуу тагылды. Түрмөнүн жетекчилиги аны администрацияга баш ийбей, башка соттолуучуларды да ошого үндөп жатат деп күнөөлөшкөн.

Быйыл мартта активисттин абакта тартылган видеосу тараган, анда ал колониянын кызматкерлерине каршы өз өмүрүн кол салганын айткан эле. Елшибаев түрмөнүн адистери ага “психологиялык басым жасап жатышканына” даттанган.

34 жаштагы Ержан Елшибаев 2019-жылдын февраль жана март айларында өткөн демонстрациялардын башында турган. Ал Маңгыстау облусундагы жумушсуздук маселесин көтөрүп чыккан. Ал ошол эле жылы март айында кармалган.

Жаңы-Өзөн шаардык соту 17-октябрда жумушсуздар кыймылынын активистин беш жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапкан. Баштапкы өкүмгө ылайык анын жаза мөөнөтү 2024-жылы аяктамак.

Елшибаев өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, айыптоодо саясий мүдөө бар экенин айтып чыгышкан. Укук коргоочулар Ержан Елшибаевди саясий туткундардын тизмесине кошкон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG