Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Ош: Студент кыздын өлүмүнө айыптуунун өкүмү өзгөртүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Сууда 22 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектүү адам боюнча чыккан сот өкүмү өзгөртүлдү. Бул тууралуу 30-сентябрда Ош облустук сотунан билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл 28-июлда Кара-Суу райондук соту 24 жаштагы айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратууну өкүм кылган. Маркумдун жакындары облустук сотко кайрылып, жаза чарасын катуулатууну өтүнүшкөн жана ушундай эле талаптарын айтып нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

30-сентябрда Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмү менен айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Кош бойлуу аялды өлтүрүү”) негизинде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Окуя быйыл 30-январда Ош шаарында болгон. Айыпталуучу, Ош мамлекеттик университетинин төртүнчү курсунун 24 жаштагы студенти ал күнү сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип, бычак менен кол салганын, маркумдун сөөгүн үйдүн короосуна көмүп, сырткы кийимдерин көчөдөгү дааратканага таштап салганын тергөөчүлөргө айтып берген.

Маалыматтарга караганда, каза болгон кыз да Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде төртүнчү курста окучу. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG