Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды


Алмаз Бейшеналиев.
Алмаз Бейшеналиев.

Пара алууга шек саналган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды.

Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Отурумдун алдында Бейшеналиев журналисттерге кыскача комментарий берип, күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты жана пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин белгиледи.

Сот имаратынын сыртында анын тарапкерлери колдоо акциясына чыгып, ал күнөөсүз экени жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Бейшеналиевди колдоп чыккандар
Бейшеналиевди колдоп чыккандар

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну "чагым" деп аташкан. Министрликтин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, Алмазбек Бейшеналиев реформачыл жетекчи экенин, анын ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы министрдин ишинен кабардар экенин, ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

2020-жылдын күзундө да аталган министрликтин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген. (SE\TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG