Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Президент Жапаров карыяларды куттуктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-октябрь, Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Ал мамлекеттин милдети тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарды кылдаттык менен сактап келген улуу муундун өкүлдөрүнө татыктуу жашоо-шартын түзүү, алардын коомго активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин өз куттуктоосунда өрнөктүү ата-энелердин көрөгөчтүгү, билгичтиги, акылы менен сабыры кийинки муунга ар дайым чоң сабак болуп келгенин айткан.

"Кыргыз элинде кылымдардан бери көкүрөгүнө салт-санааны уютуп, келечекти көөдөн менен туюп билген карыларын аздектеп, урматтап келген улуу нарк бар. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө акылы кенч аталарыбызга, мээрими толгон апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашайт... Көптү көрүп көсөм болгон, салтты бузбай, каададан жазбай өмүр улаган өрнөктүү ата-энелердин көрөгөчтүгү, билгичтиги, акылы менен сабыры бизге ар дайым чоң сабак болот", - деген президент Жапаров өз куттуктоосунда.

Кыргызстандын калкынын 8% улгайган адамдар түзөт. Өлкөдө 735 миңдей пенсионер бар. Буга чейин Садыр Жапаров Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алганын өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган.

Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашка, ал эми эркектер 63 жашка жеткенде чыга алат. Министрлер кабинети мурдараак пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды жоюуну сунуштаган. Пенсиялык реформада аялдардын пенсия курагын дагы жогорулатуу каралган.

Жыл сайын 1-октябрда дүйнөдө улгайган адамдардын күнү белгиленет. Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган. Жыл сайын бул күндү утурлай түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG