Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

ДКО: салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар үч байге алышты


Салттуу жаа атуу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Асел Садырова Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында.
Салттуу жаа атуу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Асел Садырова Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуудан кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 30-сентябрда эркектер арасында командалык эсепте Кыргызстандын спортчулары 1-орунду ээлеп, алтын байге алышты. Команданын курамына Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев жана Бакыт Токтоматов кирген. Кыз келиндер арасында жеке таймашта Асел Садырова 3-орунду ээледи. Ошондой эле командалык эсепте кыргызстандык кыз-келиндер коло байге алышты. Команданын курамында Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиева бар. Бүгүн, 1-октябрда ат үстүндө жаа атуудан жыйынтыктар белгилүү болот.

Андан сырткары түрк элинин улуттук күрөшү капышмалы аба күрөшүнөн кыргызстандык балбандар төрт байге алды. Бүгүн, 1-октябрда болгон таймаштардын жыйынтыгында 75 килограмм салмакта Манас Үсөнов 1-орунду ээлеп, мелдештин чемпиону болду. 90 килограммдан жогоркулар арасында Орозбек Алмазбеков күмүш байгеге ээ болду. Ошондой эле Урмат Нарынбеков (65 кг) менен Азим Эсенбек уулу (80 кг) коло байге алышты.

Аталган күрөштөн Кыргызстандан алты балбан күч сынашкан. Бекмамат Бейшен уулу (70 кг) жана Тилек Куралов (90 кг) 4-орунду ээледи. Ушуну менен IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын эсебинде беш алтын, төрт күмүш жана жети коло байге бар. Бир күн мурда Кыргызстандын спортчулары таяк тартыш жана аба күрөшүнөн үч алтын, үч күмүш жана үч коло байге алышкан.

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда.
Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.(ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG