Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты футболчуларынын катарына кирди


Бекназ Алмазбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен. 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Мьянма курама командаларынын беттеши. 11-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Бекназ Алмазбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен. 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Мьянма курама командаларынын беттеши. 11-июнь, 2022-ж. Бишкек.

28-сентябрда The Guardian басылмасы 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн мыкты 60 жаш футболчуларынын тизмесин жарыялады. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук, жаштар курама командаларынын жана Түркиянын "Галатасарай" футбол клубунун жаштар курамасынын чабуулчусу Бекназ Алмазбековдун да аты аталган.

"Галатасарайдын" негизги курамында ойноого даяр болуп калган футболчу өзгөчө оң тараптан катуу соккуларды жасайт. Бекназдын өнүгүүсүнө анын өлкөсүнүн курама командасы тыкыр көз салып турат", - деп айтылат маалыматта.

17 жаштагы Алмазбеков ушул жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштап, 15-апрелде негизги курамда алгачкы оюнга чыккан.

Быйылкы сезондо "Галатасарайдын" жаштар командасында (U-19) оюнга чыгып, төрт гол киргизген. Клубдун курамына 2019-жылы келген.

Кыргызстандын футбол бирлигинин малыматына караганда, Алмазбеков 2020-жылы март айында Азиянын футбол конфедерациясы тарабынан Борбор Азиянын мыкты 7 жаш футболчусунун тизмесине кирген.

Ал 2022-жылы 11-июнда Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катарына алгачкы жолу кошулуп, Мьянма курамасына каршы беттешке чыккан.

Ушул эле жылдын сентябрь айында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы менен (U-20) 2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарында үч оюнга чыгып, бир гол киргизген.

Ал буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, социалдык тармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзаадасы" атыккан. 2020-жылы Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган.

Анда 2019-жылы март айында "Галатасарайдын" 14 жашка чейинки оюнчулары "Стамбул спорт" командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө галатасарайчылардын капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде, Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиалар анын үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.

Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап, абройлуу сыйлыкты тапшырган. Спортчунун футболдогу жетишкендиги үчүн Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG