Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:41

Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитет Түркиядагы кыргызстандык футболчуга сыйлык берди


Түркиянын «Галатасарай» футбол клубунун жаштар командасында ойногон 14 жаштагы кыргызстандык Бекназ Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн «World Fair Play Awards» сыйлыгына татыган. Бул тууралуу Түркиянын олимпиадалык комитети маалымат таратты.

2019-жылы март айында «Галатасарайдын» 14 жашка чейинки оюнчулары «Стамбулспорт» командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө «галатасарайчылардын» капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.

Калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиа жаш футболчу үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.

Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап абройлуу сыйлыкты тапшырган. Бекназ Алмазбековдун футболдогу жетишкендиги бааланып, түркиялык жергиликтүү университеттерден да сыйлыктар тапшырылган.

«World Fair Play Awards» абройлуу сыйлыгы таза, калыс оюн көрсөткөн спортчуларга жылда бир ыйгарылат.(ElB)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG