Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Украина: Лиманда 5 миңге чейин орус аскери курчоодо калышы мүмкүн


Украина акыркы күндөрү катуу чабуул жүрүп жаткан Донецк облусунун Лиман шаарында орусиялык күчтөрдүн курчоого алынганын жарыялашты. Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн "Восток" армиялык командачылыгынын өкүлү Сергей Череватый Лиманда Орусиянын 5,5 миңге чейин аскери болгонун билдирди. Бирок айрымдары качып кетүүгө үлгүргөндүктөн алардын бардыгы курчоого алынбай калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Луганск облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай Лиманда 5 миң орусиялык аскер бар экенин жазды. Анын ырасташынча, алар орус командачылыгынан шаардан чыгууга уруксат сурашкан, бирок уруксат берилген эмес. Эми алар "курчоону жарып өтүүгө аракет кылышы же өлүшү, же болбосо багынып бериши мүмкүн".

Гайдайдын айтымында, курчоого алынган шаардагы орусиялык аскерлерге ок-дарыларды жеткирүү же конуштан чыгып кетчү жолдору буга чейин эле тосулган. Анын айтымында, украин күчтөрүнүн андан аркы чабуулу Луганск облусу – Кременная, андан соң Северодонецк багыты боюнча болушу мүмкүн.

Ишемби күнү социалдык тармактарга украин аскерлеринин Лиманга кирген видеосу жарыяланган. Бул орус аскерлери шаардан чегинди дегенди билдиреби, азырынча белгисиз.

Американын Согушту изилдөө институту соңку билдирүүсүндө украин күчтөрү Лиманды 72 саат ичине толугу менен колго аларын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG