2-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16;
Нарын облусунда түнкүсүн -0...5, күндүз 11...16;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 16…18 градус болот.