Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

"Ведомости": Apple Орусиядагы кызматкерлерин Кыргызстанга көчүрдү


Бишкек.
Бишкек.

Apple компаниясы Орусиядагы кызматкерлерин Кыргызстанга көчүргөнүн "Ведомости" гезити жазды. Орусиялык басылманын маектеши билдиргендей, Apple катардагы кызматкерлерин көчүрүүнү ушул жылдын жаз айларынан бери пландап келген. Компания топ-менежментин болсо Дубай менен Лондонго чыгарган.

Apple компаниясынын мамлекеттик органдар менен кызматташуу боюнча жетекчиси - кыргызстандык Назим Турдумамбетов. Ал буга чейин Philips компаниясында ушул эле кызматта иштеген.

Буга чейин Москванын Украинага кол салышына жооп катары бир катар чет элдик компаниялар Орусиянын базарынан чыгып кеткен. Huawei кызматкерлерин Казакстан менен Өзбекстанга жайгаштырган. Google Дубайга которууну пландап, бирок климаттык шартка байланыштуу бул планы ишке ашпай калганын "Ведомости" жазды.

Мурдараак Microsoft корпорациясы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияда жаңы өнүмдөрдү сатуу жана кызмат көрсөтүү токтотулганын жарыялаган.

Буга чейин Apple, Oracle, Dell Technologies, Exxon Mobile мунай компаниясы, Boeing жана Airbus учак өндүрүүчүлөрү, спорттук кийим жана бут кийим өндүрүүчү Nike, Walt Disney сыяктуу Батыштын көптөгөн компаниялары Орусия менен кызматташуусун токтоткон.

21-сентябрь мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG