Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Чек ара: үйү бузулгандарга 300 миң сом жардам берилет


16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары дээрлик толугу менен өрттөнгөн.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Лейлек районунун Интернационал айылындагы "Достук" базары дээрлик толугу менен өрттөнгөн.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет.

Бул тууралуу 1-октябрда Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында айтылды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

"Өлкөнүн президенти дүйнөлүк бийик трибунадан биздин аймакка агрессивдүү басып кирүү болгонун жарыялады. Карапайым элге ок атылып, көпүрөлөр жардырылды, жолдор тосулуп, үйлөр талкаланып, тонолгон, айрым жарандар өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Өзбекстан Республикасы менен чек ара маселеси тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилди. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 200 чакырым талаштуу аймактарды чечүү үчүн бардык күч-аракетти жана потенциалды жумшайбыз. Кандай жол болбосун биз элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечебиз", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Баткен тургундары үчүн ачылган атайын эсепке жарандардан 307 млн. сом түшкөнүн, бул каражат бир тыйынына чейин Баткен облусунун тургундарына жумшаларын жана өзүнүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кыска мөөнөттө каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү, Баткен жана Лейлек районунун тургундары үчүн социалдык жөлөк пулдарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды.

Экономика жана коммерция министрлиги 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу жолдорун карап чыгат.

Энергетика министрлигине электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Тиешелүү ведомстволорго Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга куруу боюнча тапшырмалар берилди.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айыпты койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG