Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Сентябрда Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран каттоого турду


Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкан жарандар орус-грузин чек арасында. Сентябрь, 2022-жыл.
Орусиядагы аскердик мобилизациядан качкан жарандар орус-грузин чек арасында. Сентябрь, 2022-жыл.

Сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталды. Бул - өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Калкты тейлөө борборлоруна барып, каттоодон өткөн орусиялыктардын саны экенин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жыл башынан бери Кыргызстанга келип, расмий катталган орусиялык жарандардын жалпы саны 190 миңден ашты.

Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күн аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты айдан кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартышы керек.

2021-жылы Кыргызстанда 210 миң орусиялык каттоого турган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укук берилгенин, согушка иш жүзүндө аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү ар бир киши тартылышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршылык акциялары уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти.(BkA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG