Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей орус жараны кирди


Орусия-Казакстан чек арасы. Сентябрь, 2022-жыл
Орусия-Казакстан чек арасы. Сентябрь, 2022-жыл

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Казакстанга ал өлкөнүн 200 миңдей жараны кирди.

Бул тууралуу 4-октябрда казак ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди. Анын айтымында, ошол эле аралыкта 147 миң орусиялык Казакстандан чыгып кетти. Андан тышкары Орусиянын жети жараны депортацияланды, айрымдары чек араны мыйзамсыз өткөн, дагы бирөөлөр майда бейбаштык кылган.

Бир жума мурда кошуна өлкөнүн ички иштер мекемеси 98 миң орусиялык келип, 64 миңи кеткенин маалымдаган.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москванын өкүлдөрү менен орусиялыктардын массалык агымын талкуулай турганын билдирген. Ахметжанов мобилизациядан качкандар эл аралык издөөгө алынбаса эле Орусияга өткөрүлүп берилбейт деп убада кылды.

Владимир Путин мобилизация тууралуу жарыялаган 21-сентябрдан бери Орусиядан кетүүнү каалагандар көбөйдү. Алар негизинен Грузияга, Казакстанга, Кыргызстанга, Арменияга жана Өзбекстанга агылууда.

Мисалы, Казакстанга кирүү үчүн орус жарандарына виза гана эмес, чет мамлекетке баруу үчүн паспорт да талап кылынбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG