Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Хаменеи демонстрациялар күч менен басыларын эскертти


Аятолла Али Хаменеи аскердик иш-чарада. Тегеран, 3-октябрь, 2022-жыл
Аятолла Али Хаменеи аскердик иш-чарада. Тегеран, 3-октябрь, 2022-жыл

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө уланып жаткан нааразылык акциялар үчүн чет өлкөлөрдү айыптады. Сентябрдын ортосунда тутанган митинг-демонстрацияларга ал 3-октябрда гана биринчи жолу реакциясын билдирди.

16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын жер-жеринде эл козголгон. Нааразылык акциялары бүгүнкүгө чейин уланууда. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп жатат.

Хаменеи толкундоолордун артында Америка, Израил жана сырт жактардагы “саткын” ирандыктар турат деп айтты.

Ал 22 жаштагы Махса Амининин өлүмү аны кайгыга батырганын кошумчалады.

Хаменеи ошондой эле демонстрациялар улана берсе, алар күч менен басыларын кыйытты.

Коопсуздук күчтөрү нааразылыктын соңку толкунун ырайымсыздык менен басууда. Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Норвегиядагы уюм өткөн аптада маалымдагандай, акциялар башталгандан бери кагылышууларда кеминде 133 киши каза тапты.

АКШ президенти Жо Байден Вашингтон тынч акциянын катышуучуларына көргөзүлгөн зомбулукту жоопсуз калтырбасын билдирди.

“Ирандык аткаминерлерди жоопко тартууну жана Иран элинин нааразылыгын эркин билдирүү укугун колдоону уланта беребиз”, - деп айтты Байден.

Бийлик Махса Амининин жүрөгү кармап көз жумганын айтканы менен, жакындары жана колдоочулары маркум эч качан ден соолугуна даттанбаганын кайталап келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG