Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтирет


Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды.
Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды.

3-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Засты кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы "Жапаров ага жакында Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киргени жөнүндө маалымат берди" деп кабарлады.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан бардык маселелерди тынчтык жол менен гана чечүүгө кызыкдар экенин жана бул позиция өзгөрбөй турганын билдирген.

"Бул биздин өзгөрүлгүс позициябыз. Бирок биз аймактык бүтүндүгүбүзгө жана эгемендүүлүгүбүзгө кол салууга жол бербейбиз. Бизге башка бирөөнүн жери керек эмес, бирок өзүбүздүкүн бербейбиз. Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет", - деп айткан Жапаров.

Өз кезегинде Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көңүл айтып, мындан ары мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин белгиледи.

ЖККУнун баш катчысы кыргыз тараптын маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө көңүл бургандыгын жогору баалайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Станислав Зась Акылбек Жапаровго Арменияда пландалып жаткан ЖККУнун коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык тууралуу маалымат берди.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG