Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Казакстанда "Крым кимдики?" деп суроо салган жаран беш суткага камалды


Диас Кузаиров
Диас Кузаиров

Павлодар шаарынын административдик соту Казакстанга келген орусиялыктарга «Крым кимдики?» деп суроо берген жергиликтүү тургунду "Майда бейбаштык" беренеси менен беш суткага камады. Соттун чечиминде Диас Кузаиров 27-сентябрда "Орусиядан келгенине байланыштуу ресторанга чакырылган конокторго саясий мүнөздөгү чагымчыл суроолорду берип асылган, ал адамдардын дарегине терс комментарий айткан" деп жазылган.

Кузаиров эч кандай майда бейбаштык кылбаганын айтууда.

Ал күнү жергиликтүү ишкерлер Орусиядан келген мигранттардын урматына сый тамак уюштурган. Бизнесмендердин бири «казак элинин меймандостугун көргөзүүнү көздөшкөнүн» билдирди.

Адвокаты Диас Кузаиров "орусиялыктарды кууган эмес, кемсинткен сөздөрдү айткан эмес" деп маалымдады. Активист жана блогер Январь окуялары маалында тынч митингге катышып, 15 суткага камалган.

Анын «Крым кимдики?» деген суроо узаткан видеосу чектелген сандагы адамдар гана көрө алгандай кылып Ютуб каналына жайгаштырылган.

Расмий статистикага ылайык, 21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыялангандан бери кошуна өлкөгө орусиялык 200 миң киши кирип, 147 миңи чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG