Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Одоно мыйзам бузган айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы жол эрежесине байланыштуу мыйзамдарды одоно бузган учурда айдоочулук күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштап жатат. Бул тууралуу 4-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында аталган башкармалыктын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

"Жол кырсыгы болгон жерден айдоочу качып кетсе, кырсыкка кабылгандарды (айдоочу күнөөлүү болгон учурда - ред.) таштап кетсе гана айдоочулук көбөлүгүнөн ажырайт. Эгер кырсыкка кабылгандарды ооруканага жеткирип кетсе, анда бул норма колдонулбайт", - деди Исраилов.

Ал айып пулдун туумун (пения) алып салуу боюнча эл өкүлдөрүнөн сунуш түшкөнүн кошумчалады. Ошондой эле айып пулду төлөөдөгү жеңилдиктин мөөнөтү бир айга узартыла турганын билдирди. Учурда айып пулду 15 күн ичинде төлөсө 70% жеңилдик каралган.

Депутаттар Карим Ханжеза жана Алишер Эрбаев айдоочулук күбөлүккө байланыштуу сунуштарды терең талдап чыгууну сунуштады.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бул күнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап, биринчи окууда кабыл алды.

Кыргызстанда 2021-жылы 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жол кырсыктарын азайтуу максатында "Коопсуз шаар" долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишин көзөмөлдөө тапшырмасын берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG