Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Мураталиев: дайынсыз жоголгон жоокердин апасы бийлик өкүлдөрүнө жолуга албай жүрөт


Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен.
Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Баткенде куралдуу кагылыш маалында дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековдун апасы бийлик өкүлдөрү менен бир канча күндөн бери жолуга албай жатканын билдирди. Ал буга байланыштуу 5-октябрдагы сессияда президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Мен бул маселени ушуну менен үчүнчү жолу айтып жатам. Ал жоокердин апасынын бир буту Бишкекте, бир буту Таласта болуп жатат. Анын апасын Чек ара кызматынын башчысына, же атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге, же президентке жолуктуруп, уулу тууралуу жообун айтпайсыздарбы",-деди депутат.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана Улуттук коопсуздук комитетине кайрылышкан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргызстан куралдуу кагылышта бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG