Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

АКШ Украинага дагы 625 миллион долларга аскердик жардам берет


HIMARS системасы. Запорожье, 4-июль 2022-жыл
HIMARS системасы. Запорожье, 4-июль 2022-жыл

Вашингтон Киевге дагы 625 миллион доллар аскердик жардам бөлөт. Бул тууралуу шейшембиде АКШнын президенти Жо Байден украин президенти Владимир Зеленскийге билдирди. Мындай маалымат Ак үйдүн сайтына жарыяланды. Ага ылайык, украин армиясы кошумча жабдуулар, ок-дары, бронетехника жана транспорт каражаттары алмакчы.

Reuters агенттиги булактарга таянып жазганына караганда, HIMARS реактивдүү системасынын дагы төрт комплекси, гаубицалардын дүрмөттөрү, миналар жана миналарга туруштук берген тактикалык машиналар берилет. Пентагон бул маалыматты бышыктады.

Байден Зеленский менен сүйлөшүүдө "Вашингон Орусиянын украин аймактарын аннексиялап алуусун эч качан тааныбайт" деп кайталады.

Москва жасалма референдумдарга жамынып Украинанын 4 облусун аннексиялоо аракетин көргөн. Анын жыйынтыгын Түндүк Корея гана тааныды.

Согуш башталгандан бери Вашингтон Киевге берген жардамдын көлөмү, жаңы пакетти эске алганда 17 миллиард доллардан ашат. 16-сентябрда Байден Украинага 600 миллион доллар аскердик жардам бөлүнөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG