Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Владимир Путин Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады


Владимир Путин менен Эмомали Рахмон.
Владимир Путин менен Эмомали Рахмон.

Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлады. Мындай жарлык укуктук маалымат порталына 4-октябрда жарыяланды.

Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.

Рахмон 2020-жылы октябрда президент болуп бешинчи жолу шайланган жана бийликте турганына 28 жыл болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) баштаган бир катар демократиялык институттар Тажикстандагы бир дагы президенттик шайлоону эркин жана демократиялык маанайда өттү деп тааныган эмес.

Ушул жылдын июль айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Александр Невский атындагы орденинен баш тарткан. Анын басма сөз катчы Руслан Желдибай анда Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG