Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Бөлтүрүктүн тергөө менен кызматташууга даярдыгын айткан каты жарыяланды


Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан учур. 3-октябрь, 2022-жыл.
Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан учур. 3-октябрь, 2022-жыл.

"Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө таандык экени айтылган кат анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Анда ал эки жылдан бери коркутууларга туш болуп келгенин жана тергөө менен кызматташууга даяр экенин жазган. Ошондой эле өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жашоосун тобокелге салып келгенин белгилеп, тергөө жүрүп жаткан учурда үй камагына чыгарууну соттон өтүнгөн. Ал балдары жана жубайы Кыргызстандын жарандыгын алышканын, башка өлкөгө чыгып кетпей турганын белгилеген. Ким тарабынан коркутууларга кабылганын тактаган эмес.

"Мен президенттин тапшырмасын, элдин алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. “Центерра” мени Онтарио сотуна бергенине карабай ушуга бардым. Мен 35 жылдык репутациямды тобокелге салып, "Кумтөр Голд Компанини" башкарууну уланттым. Онтарио соту алардын чечимин аткарбаганым үчүн мага 310 миң долларга айып салды, ал сот иши дагы деле аягына чыга элек. Эми мени кыргыз соту соттоп жатат. Мени саясий фигурага айлантууну каалап жатышат", — деп жазган Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал өзү иштеп турган кыска убакыттын ичинде Кумтөрдөгү коррупциялык келишимдер жокко чыгарылганын, чыгашаны 16% кыскартууга мүмкүн болгонун белгилеген. Ал президент менен Министрлер кабинетинин реформаларын колдой берерин да жазган.


Кат боюнча анын жакындары жана жактоочусу менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин адвокат Кайсын Абакиров Бөлтүрүктүн ишинде кылмыштын курамы жок экенин айткан.

"Биз чындыкты аныктоо үчүн тергөө менен кызматташууга даярбыз",- деп билдирген ал.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

3-октябрда Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы боюнча доо арызды карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG