Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

ИИМ: Сегиз айда жол кырсыгынан 379 адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын сегиз айында жол кырсыгынан 379 киши каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Ал быйылкы сегиз айда жол кырсыгы 9% жакын, андан каза болгондордун саны 31,3% азайганын кошумчалады.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 4-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады.

Өткөн жылы жол кырсыгынан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи жаш балдар. Жалпысынан 600гө жакын кишинин өмүрү кыйылган, алардын 80и балдар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG