Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Физика боюнча Нобел сыйлыгын Франция, АКШ, Австриянын окумуштуулары алды


Физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механика жаатындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды.

Окумуштуулар 10 миллион швед кронасын (902,315 доллар) бөлүп алмакчы.

Бир күн мурда медицина жана физиология тармагындагы жеңүүчү деп швециялык биолог Сванте Паабо аталган. Апта соңуна чейин химия, адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреттары аныкталат.

Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда жарыяланат.

Сыйлыктар адатта 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө тапшырылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG