Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелип кармалганын 4-октябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шектүү жетекчи аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылган жана бул каражатты жеке максаттарына жумшаган. Акчаны бөлүм башчы аркылуу алганы белгиленген.

ИИМдин Тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин негизинде (“Опузалап пара алуу”) кылмыш ишин козгоду.

"Ага 26-сентябрда айыбы угузулуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөнү аныкталган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрда Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Каржы министрлиги комментарий бере элек.

Бир күн мурда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) чет элдик жарандан 150 миң сом опузалап пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG