Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Зеленский Херсон облусунда чоң аймак бошотулганын маалымдады


Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 7-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 7-октябрга карата карта.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда украин күчтөрүнүн контрчабуулу тууралуу маалымат берип, бир катар багыттарда орус тарапты артка сүргөнүн маалымдады. Ал эң негизги жеңиштер көңүл чордонунда турган Херсон облусунда экенин билдирди.

“Согуштун алдыңкы саптарынан кабар берип коёлу. 1-октябрдан бери Херсон облусунда эле 500 миң чарчы чакырым аймак жана ондогон калктуу конуштар бошотулуп, турукташтырылды. Чыгыш багытта да жетишкендиктер бар. Запорожье облусундагы ийгиликтерди айта турган күн келет. Крымды да бошотчу күн жакындап жатат”, – деди Владимир Зеленский.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку карталарында Харьков жана Херсон облустарынан өз күчтөрү чегингенин көрсөтүп жатат. Мурдагы суткаларда алар Херсондо эле 30 чакырым артка жылганын мойнуна алышкан.

Аймактардагы жикчилдер чегинүүнүн себеби катары кошумча кол жетишпей жатканын, мобилизацияга тартылгандар али келип үлгүрө электиги менен түшүндүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG