Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерин толуктоону сунуш кылды


Баткен. Достук айылы.
Баткен. Достук айылы.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу 8-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-октябрда министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев уюмга мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештеринин Армениянын борбор шаары Ереванда өткөн жыйынына катышты. Анда ал, кыргыз ТИМи билдиргендей, “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды”.

Ниязалиев ушул контекстте биргелешкен билдирүү кабыл алууну жана ЖККУнун уставдык документтерине кошумча киргизүүнү сунуш кылганы маалымдалды.

Ереванда өткөн жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын биринчи орун басарлары катышты. Алар тышкы жана коргоо министрлеринин, президенттердин пландалып жаткан жыйындарында карала турган маселелерди талкуулашты.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат. Анын кесепетинен кыргыз тарап 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)

XS
SM
MD
LG