Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Улуттук банк Баткенде жабыркагандардын насыясын кечүүгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк коммерциялык банктарды жана башка каржылык уюмдары алардан насыя алган, быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркап калган кардарларына жардам берүүгө чакырды. Банктын расмий сайтына 7-октябрда жарыяланган маалыматта Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган кардарлардан түшкөн арыздардын баарын карап чыгуу, каза болгондордун, жараат алгандардын, бизнесинен же үй-мүлкүнөн ажырагандардын насыясын кечүү керектиги белгиленди.

Мындан тышкары колдоого муктаждар боюнча жүргүзүлө турган башка да иштер аныкталды.

Баткенде чек арадагы соңку окуянын кесепетинен талкаланып же күйгөн үйлөрдүн жалпы саны 640 экенин өкмөттүн басма сөз кызматы 29-сентябрда билдирген. Ал үйлөрдүн 430у жараксыз абалда, 210ун оңдоп-түзөө зарыл.

Мындан тышкары, 11 административдик-стратегиялык объект, 18 социалдык объект, 336 кошумча курулган жай, 197 чарбалык объект, автомобилдик бир көпүрө, 55 автомашина талкаланып, бузулган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти айыптаган билдирүү тараткан.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG