Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жапаров Ташиевдин парламентке курал алып барганы боюнча пикирин айтты


Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин имаратына курал алып барганы “кичине ката” болгонун 9-октябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы депутаттар арасында "Аскерлердин огу жок экен, автоматтары жетпейт экен, Ташиев эмне кылып жатат, чалгыны иштебей жатат" деген сын айтылганын, Ташиев эмоцияга алдырганын айтты.

“Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди”, - деди Жапаров.

Экөөнүн ич ара мамилеси тууралуу суроого жооп берип жатып Жапаров Ташиев менен урушпай турганын, андайга жол бербесин белгиледи:

“Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот. Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Алар "Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат”.

5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып, буга парламенттеги жабык жыйын себеп болгонун айткан. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулаган жыйында УКМКнын төрагасы Ташиев парламентке эки жашик курал алып барганын депутат Адахан Мадумаров билдирген. “Азаттык” кепке тарткан эл өкүлдөрү да бул маалыматты ырасташкан.

Быйыл сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы каргашада Кыргызстан 63 жаранынан айрылды, алардын 40ы аскер кызматкерлери. Былтыр жазында да Баткенде 36 кыргызстандык каза болгон.

Буга чейин Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөрүлгөн. Чек ара маселесине байланышкан сүйлөшүүлөрдү Камчыбек Ташиев жетектеп келе жатат. Ал "эки жашик курал" тууралуу айтылып жаткандарга комментарий бере элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл чек арадагы окуяларда 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG