Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды


Садыр Жапаров Астанада. 12-октябрь, 2022.
Садыр Жапаров Астанада. 12-октябрь, 2022.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады. Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Бул эл аралык иш-чаралар 12-14-октябрда Астана шаарында өтөт.

Бул эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине Садыр Жапаров катышкан жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөрү кабарланган.

7-октярбда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшүп, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашкан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG