Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстандын элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды


Элчи Гүлнара-Клара Самат.
Элчи Гүлнара-Клара Самат.

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун кабыл алуусунда болгону маалымдалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы (ЖККУ) кызматташтыкты талкуулашты.

"Орусия менен Кыргызстандын бүгүнкү геосаясий катаал шарттагы өнөктөш мамилесинин мааниси тууралуу сөз болду", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын элчилиги азырынча бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.

10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан аскердик машыгуусуна катышпасын билдирген.

Коргоо министрлиги тараткан маалыматта “Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы” деп айтылат.

Мындан тышкары Кыргызстан 2022-жылдын октябрь айында өз аймагында белгиленген ЖККУнун "Бузулбас боордоштук - 2022" машыгуусун өткөрүүдөн да баш тартуу чечими кабыл алынганын кабарлаган. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамына алты өлкө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG