Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Дайырбек Орунбеков блогерди жеке билдирүүнү жарыялады деп айыптады


Алтынбек Жумаев, Дайырбек Орунбеков жана Сүйүнбек Касмамбетов. 2021-жылдын декабры. Сүрөт Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Алтынбек Жумаев, Дайырбек Орунбеков жана Сүйүнбек Касмамбетов. 2021-жылдын декабры. Сүрөт Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков блогер Атай Бейшенбекти экөөнүн WhatsApp аркылуу жеке жазышканын коомчулукка жарыялады деп айыптады.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына блогерди кызматташууга чакырганынан пайда чыкпаганын белгилеп, аны курулай популисттикке барууда деп сындады.

"Бул экөөбүздүн ортодогу жазышуу болчу. Аны “скриншот” кылып, пост жазып салыптыр. Популизмдин дагы чеги болуш керек. Жеке жазышкан катты жарыялоо адамдын тарбиясынын күзгүсү. Үйрөткөн акылдарын, айткан кеңештерин келип жардам бер, мамлекетке чындап эле күйүп жатсаң чогуу иштейли десең, уккусу дагы жок", - деп жазды Орунбеков.

Андан мурдараак блогер Атай Бейшенбек Дайырбек Орунбеков ага адашып, Вотсаптан жазып алганын билдирип, Фейсбуктагы баракчасына скриншотту жайгаштырган.

Анда Орунбековдун "Каматыш керек муну. Астына комментарий жазып. Мисалы кыргыз-өзбек мамилесин буза турган. Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы" деп билдирүү жөнөткөнүн көрүүгө болот.

Блогер Атай Бейшенбек Дайырбек Орунбеков менен сүйлөшкөндө ал бул билдирүүнү эмне максатта жазганын түшүндүрүп бере албаганын белгилеген. Ал кыргыз-өзбек чек ара маселесинде эки элдин ортосундагы чагымчылдыкка жол бербөөгө чакырган.

Бейшенбектин билдирүүсүнөн кийин Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына түшүндүрмө жазып, блогердин чек ара маселесине аралашканын аша чапкандык катары баалаган. Орунбеков постунда блогерди каматууга буйрутма бергидей ыйгарым укугу жоктугун да айткан.

Блогер Атай Бейшенбек 12-октябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдогон. Дайырбек Орунбеков блогердин бул постун эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге жана саясатка аралашуу деп сыпаттаган.

Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгына быйыл 3-августта дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG