Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Иранда демонстрацияларга катышкан окуучулар лагерлерге айдалды


Өкмөткө нааразылыгын билдирип чыккан студенттер. Иран, 12-октябрь, 2022-жыл
Өкмөткө нааразылыгын билдирип чыккан студенттер. Иран, 12-октябрь, 2022-жыл

Ирандын расмий өкүлү өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда кармалган бир нече мектеп окучу “тарбиялоо лагерлерине” жөнөтүлгөнүн бышыктады.

Бир айдай мурун адеп-ахлак полицияссы хижабды кийүү эрежесин бузду деп кармап кеткен студент кыз Махса Амини каза болгондон бери Ислам жумуриятында элдик толкундоолор уланууда.

Билим берүү министри Юсеф Нури демонстрациялар маалында кармалган өспүрүмдөр "психологиялык борборлорго" жайгаштырылганын, “жүрүм- турумун оңдогондон кийин” мектептерге кайтарын Shargh гезитине билдири.

Ирандын булуң-бурчунан тараган видеолордон өспүрүм-кыздар жоолуктарын чечип, нааразылыгын билдиргенин, коопсуздук күчтөрү аларга кол көтөргөнүн, ыраймсыз мамиле кылганын көрүүгө болот.

12-октябрда акциялар Тегеран, Караж, Мешхед, Исфахан, Шираз жана Решт шаарларынада уланды.

Башкалаанын көчөлөрүндө “Диктаторго өлүм” деген ураан жаңырып жатты. Ирандын жогорку руханий лиери аятолла Али Хаменеи митинг-демонстрацияларды “жер-жерде болгон тополоң” деп атап, "алардын артында Батыш турат" деп айыптады.

Хаменеи ошондой эле сотторду демонстранттарга каршы чара көрүү менен "өз милдетин аткарууга” чакырды.

Шаршембиде укук корго уюму толкундоолор башталгандан бери кеминде 201 киши каза тапканын, арасында 23 жашы жетелек бала болгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG