Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады


Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме (АӨИЧК), 13-октбярь, 2022 Астана
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме (АӨИЧК), 13-октбярь, 2022 Астана

Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы саммиттин катышуучуларына таянып Кыргызстандын талапкерлиги колдоо табарына ишеним артарын белгиледи.

"Бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн БУУнун жалпы ишине өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Ушуга байланыштуу БУУнун жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады. Биздин талапкерлигибиз колдоо табарына ишеним артабыз", - деди Жапаров.

Президент мындан сырткары аймактагы коопсуздук маселесине токтолуп:

"Тилекке каршы, иштеп жаткан абройлуу регионалдык уюмдар аймактагы стабилдүүлүккө түздөн-түз таасир этүүчү чыр-чатактарды болтурбоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана механизмдерди ишке ашырууга толук аракет кылбайт", - деди.

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү.

Ага Кыргызстандын президенти жана кеңешмеге мүчө мамлекеттердин жетекчилери катышты. Кеңешмеге 28 мамлекет мүчө, сегиз өлкө байкоочу.

Жапаров 14-октябрда Астанада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия+Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланыш үчүн кеминде 129 добуш керек.

Бул орунга 2010-жылы Кыргызстан да талапкерлигин сунуштап, 55 добуш алып, Пакистанга уттуруп койгон болчу.

БУУнун глобалдык коопсуздук маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуучу Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат. Ага туруктуу мүчө болгон Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ чечимдерге вето коюу укугуна ээ. Туруктуу эмес мүчөлөр үчүн бөлүнгөн он орундун ээлери ротациялык жол менен жаңыланып турат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG