Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Украина өткөн айда жүздөгөн калктуу конуштарды бошотту


Николаев шаарындагы ракетадан кыйраган үй. Украина. 13-октябрь, 2022-жыл.
Николаев шаарындагы ракетадан кыйраган үй. Украина. 13-октябрь, 2022-жыл.

Оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо министрлиги акыркы бир ай ичинде украин аскерлери 600дөн ашуун калктуу конуштарды бошотконун маалымдады. Мекеме ошол эле учурда Москванын ондогон шаарларга соккусунан бир катар жай тургундар мерт болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда кечке жуук Украинанын аскерлери Харьков облусунда 502 калктуу конушту бошотуп, Херсон облусунда 75 кыштакты кайтарып алган. "Бошотулган украин аймактарынын аянты кыйла көбөйдү", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок.

Британиянын Коргоо министрлиги 14-октябрдагы күндөлүк чалгындоо бюллетенинде акыркы үч күндө орусиячыл күчтөр Донецк чөлкөмүнүн чыгышындагы Бахмут шаарынын борборун көздөй тактикалык жылыштарды жасаганын билдирди.

Президент Владимир Зеленский 13-октябрда кечке жуук түнкү видео кайрылуусунда Бахмутта “ырайымсыз” салгылашуулар уланып жатканын айтты. Ал украиналыктарды 14-октябрда - Украинаны коргоочулар күнү белгиленип жаткан күнү орусиялык чабуулдардан өзгөчө этият болууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG