Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн келин 30 саатка коомдук иштерге тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык түйүндөр аркылуу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова Бузуулар кодексинин негизинде жазага тартылганын бүгүн 14-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын тургуну, 35 жаштагы Аранова “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айтканы үчүн Бузуулар кодексинин 126-беренеси боюнча (“Майда ээнбаштык”) протокол түзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Өзгөн райондук соту Аранованы 30 саатка коомдук ишке тартуу боюнча чечим чыгарды”.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун караган. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG