Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Кемпир-Абад: чогулгандар президенттин өкүлү Жамалдиновду сүйлөтпөй коюшту


Кемпир-Абад боюнча курултай.
Кемпир-Абад боюнча курултай.

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди. Ал кыргыз-өзбек чек арасынын 1450 чакырымы такталып жатканын билдирди.

"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз Кемпир-Абаддын маселеси болбогондо деле, жөн учуруда деле келип, Ош, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул бир жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жаткаңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.

Ушундан кийин чогулгандар президенттин өкүлүнө нааразылык билдирип, сүйлөтпөй коюшту.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышууда. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, сөз алып сүйлөгөндөр Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы экенин айтып жатышат.

Курултайда сөз сүйлөгөн коомдук ишмер, мурдагы министр Мамбетжунус Абылов 1965-жылдагы документте Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүү тууралуу сөз жок экенин белгилеп, бул маселени элдик референдумга салууну сунуштады.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

2021-жылдын мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып келгенден кийин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ошондон кийин Өзгөндө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Көп өтпөй Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айткан. (КЕ/AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG