Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Ош шаарына Өзбекстандан 50 жаңы автобус алып келинди


Ош шаарына жаңы автобустар алып келинди. 18-октябрь, 2022-жыл. (Сүрөт Ош мэриясына таандык).
Ош шаарына жаңы автобустар алып келинди. 18-октябрь, 2022-жыл. (Сүрөт Ош мэриясына таандык).

Ош шаарынын мэриясы калаага Өзбекстандан ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 жаңы автобус алып келингенин билдирди. Бул үчүн шаар бийлиги Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен чогуу иш алып барганын кабарлады.

Самарканд шаарындагы "СамАвто" заводунан чыккан бир автобустун баасы 37 миң долларга бааланган.

“Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Алар эки күндө каттамга чыгат”, – деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Өзбекстандын "СамАвто" заводунда өндүрүлгөн жапониялык ISUZU маркасындагы газ менен жүрүүчү 350 автобус былтыр Бишкекке да алып келингени кабарланган.

Ош шаарында транспортто жүрүү акысы былтыр, 1-декабрдан тарта кымбаттаган. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустар кечки саат жетиге чейин 15, андан кийин 20 сомдон жол кире алат.

Окуучулар үчүн жол кире - беш сом. Муниципалдык транспорт - троллейбус жана автобуста жүрүү акысы - 10 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG