Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Киевде таңкы соккулардан кеминде үч киши набыт болду


Киев соккудан кийин. 17-октябрь 2022-жыл
Киев соккудан кийин. 17-октябрь 2022-жыл

Киевде эртең мененки аткылоолордон ушу тапка чейин карапайым үч кишинин каза тапканы белгилүү болду. Шаар башчысы Виталий Кличко бир нече жарылуу болгонун билдирди. Күбөлөр ирандык жанкечти дрондордон сокку урулганын айтып беришти.

Кличконун айтымында, мерт кеткендердин арасында кош бойлуу келин менен күйөөсү бар. Буга чейин мэр дүрмөт ээн турган имаратка жана турак жайга тийгенде жарылуу болгонун, урандылардан 18 киши куткарылганын Телеграм-каналына жазган.

Баш калаага болгон соккунун кесепеттери тартылган видеону президент Владимир Зеленский жарыялап, "душмандын тынч жашоочуларды коркутуусу" украиндерди "сындыра албайт" деп билдирди.

17-октябрда эртеден бери Киев облусу, Житомир, Винница, Черкасск, Кировоград, Николаев, Одесса аймактарында абадан сокку уруу коркунучун эскерткен сиреналар жаңырып турду.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Валентин Резниченко орус армиясы түн бою "Град" системаларынан, оор артиллериядан аткылаганын билдирди. Анын айтымында, үч ракета атып түшүрүлдү, дагы бирөө энергетикалык инфраструктурага тийип, өрт тутанган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат өткөн түнү 26 жан кечти дрон жок кылынганын маалымдады. Орусия соңку соккуларды азырынча комментарийлеген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG