Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Активист Токаевдин президенттикке талапкерлигин каттоону жокко чыгарууну талап кылууда


Казакстандын Жогорку соту 17-октябрда жарандык активист, юрист Алнур Ильяшевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча (БШК) доо-арызын карай баштады. Ал мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке талапкерлигин каттоону жокко чыгарууну талап кылган.

Ильяшев БШКнын Токаевди каттоо тууралуу токтому "мыйзамсыз, конституцияга каршы келгендиктен, аны жокко чыгаруу зарыл" деп эсептейт. Активист ошондой эле БШК “мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү практикасына дем берип, жарандарды мыйзамдуу жана татыктуу альтернативадан ажыратууда” деп сындады.

12-октябрда Токаевдин президенттикке талапкерлиги алгачкы болуп расмий катталган.

Бүгүнкүгө чейин мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу үчүн үч талапкер каттоодон өттү. Бул өнөктүк 21-октябрда аяктамакчы.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев 20-ноябрга белгиленген шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG