Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Белгород: полигондогу атышууда каза тапкан тажик мигрантынын тек-жайы аныкталды


Эхсон Аминзода
Эхсон Аминзода

"Озоди" радиосу Орусиянын Белгород шаарынын жанындагы полигондо, орус бийлиги маалымдагандай, ок ачып, кийин өзү атып өлтүрүлгөн тажик жаранынын биринин тек-жайын аныктады.

Ишембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка барабыз деген ыктыярчылар даярдык көрүп жаткан маалда КМШнын эки жараны полигондо өздүк курамга ок атып, 11 киши каза тапканын, 15и жарадар болгонун билдирген жана окуяны "теракт" деп атаган. Кол салгандар жок кылынганы айтылган.

24-жаштагы Эхсон Аминзоданын (Эхсон Тожиддин) жакындары "Озодиге" айтып бергендей, ал Москвадагы ресторандардын биринде иштеген, Украинадагы согушка катышайын деген ниети болгон эмес.

Аны акыркы жолу 10-октябрда Москвадагы "Люблино" метросунун жанында көрүшкөн. 16-октябрда орус бийлиги Эхсондун каза болгонун кабарлашкан.

Маркумдун атасы, Хатлон облустук администрациясынын кызматкери Тожиддин радионун кабарчысы менен сүйлөшкөндө уулунун каза тапканын бышыктады. Бир тууган агасы ал Орусияга жети ай мурун барганын, орус жарандыгын албаганын айтып берди.

Фируз Аминзоданын айтымында, иниси Белгороддогу полигонго кантип барып калганын билбейт.

"Ал террорчу эмес, акча тапкысы келген жөнөкөй мигрант болчу", - деди ал.

Айрым булактар полигондогу чыр диний себептен улам чыкканын жазышууда.
Расмий Дүйшөмбү тажик жарандарынын Белгороддогу кол салууга тиешесин иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG