Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Кыргызстандагы айрым банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту


Орусиянын “Мир” банктык картасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын “Мир” банктык картасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы "Компаньон", "Дос кредо банк" жана "Бакай банк" Орусиянын "Мир" банктык картасын тейлөөнү токтотушту. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылды. Карталарды тейлөө качан жаңыртылары тууралуу маалымат жок.

23-сентябрда Өзбекстанда Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөө токтотулганын Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлаган. Ага чейин 21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын "Мир" карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank банктарында да аталган карта иштебей калган.

Орусия Украинанын аймагында согуш баштагандан кийин көпчүлүк батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылган. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай, эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышкан.

Ушундай шартта Орусиянын жарандары санкцияны буйтаган жол таап, КМШ мамлекеттерине, Түркияга жана башка өлкөлөргө барып банктык карта алууда. “Карта туризминин” популярдуу багыты катары Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан аталып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG