Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Казак соту Токаевдин талапкерлигине каршы арызды канааттандырган жок


Активист Алнур Ильяшев сот отурумуша дистанциондук түрдө, прокурор сот залында катышып жаткан учуру. 17-октябрь, 2022-жыл.
Активист Алнур Ильяшев сот отурумуша дистанциондук түрдө, прокурор сот залында катышып жаткан учуру. 17-октябрь, 2022-жыл.

17-октябрда Казакстандын Жогорку соту жарандык активист, юрист Алнур Ильяшевдин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими боюнча доо арызын кароону аяктады.

Алнур Иляшев учурдагы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке талапкерлигин каттоону жокко чыгарууну талап кылган. Судья Ирина Калашникова арызды канааттандырган жок.

Ильяшев мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого президент милдетин аткара албай калышы же ага импичмент жарыяланышы негиз болушу керектигин айтууда. БШК азыркы президентти талапкер катары каттоодо мыйзам бузуу болбогонун билдирген. Прокурор БШКнын позициясын колдоду.

Сот Токаевдин талапкерлигин алып салууга "эч кандай себеп көрбөй турганын" айтып, арызды канааттандыруудан баш тартты.

12-октябрда Токаевдин президенттикке талапкерлиги катталган. Бүгүнкүгө чейин үч талапкер каттоодон өттү. Бул өнөктүк 21-октябрда аяктамакчы.

1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев 20-ноябрга белгиленген шайлоо аркылуу өз позициясын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG