Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Орусия Интернеттеги эркиндик рейтингинде кескин төмөндөдү


Орусияда Telegram мессенжерине бөгөт коюуга каршы уюштурулган митингде тартылган сүрөт. 2018-жыл, апрель.
Орусияда Telegram мессенжерине бөгөт коюуга каршы уюштурулган митингде тартылган сүрөт. 2018-жыл, апрель.

Интернеттеги эркиндиктин деңгээли боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Орусия 70 мамлекеттин ичинен 65-орунду ээледи.

Эл аралык рейтингде Орусия бир жылда жети упай жоготту, бул башка өлкөлөр арасындагы эң чоң төмөндөө жана Орусиянын 2009-жылдан берки эң начар көрсөткүчү. Бул тууралуу америкалык Freedom House изилдөө уюмунун соңку баяндамасында айтылат.

Докладдын авторлору интернеттеги глобалдык эркиндик 12-жыл катары менен төмөндөгөнүн белгилешүүдө. Акыркы бир жылда абал 28 өлкөдө начарлап, 26сында жакшырган. 100 упайлык көрсөткүчтө эң жогорку 95 упайды Исландия алды. Андан кийин Эстония, Коста-Рика жана Канада турат.

Орусия 23 упай алып, андан ары Вьетнам (22), Куба (20), Иран (16), Мьянма (12) турат. Кытай 10 упай менен эң акыркы орунда. Бул өлкө сегизинчи жыл катары менен акыркы орунду алууда.

Кыргызстан 53 упай менен интернет жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарына кирди. Казакстан (32) жана Өзбекстан (27) интернет эркин эмес өлкөрдүн катарын толуктады. Тажикстан рейтингге кирген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG