Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Аткаминерлердин декларациясын ачык жарыялоону токтотуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин салык декларациясын ачык жарыялоону мындан ары токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда Экономика министрлигинин бир катар мыйзамдарга сунуштап жаткан өзгөртүүлөрү талкууланган “парламенттик угуу” жыйынында белгилүү болду.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мусуралиев Салык кызматынын айрым милдеттерин алып салуу каралып жатканын билдирип, анын себеби так көрсөтүлбөгөнүн, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын көздөгөн ишмердүүлүк менен алектенген кызматкерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу маалымат ачык болушу зарылдыгын айтты.

Экономика министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоору “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталат. Эгер ал кабыл алынса “Кылмыш-процессуалдык кодекси”, “Кылмыш-жаза кодекси”, “Салык кодекси” жана “Жеке жактардын мүлкү менен кирешесин ыктыярдуу декларациялоо” мыйзамы өзгөртүлөт.

“Салык кодексиндеги” салык кызматкерлерин мекеменин расмий сайтына мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу маалыматты жарыялап турууну милдеттендирген берене алынат.

Азыркы “Салык кодексине” ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы салык мекемесинин расмий сайтына ачык жарыяланып турат. Бирок сайтты ачканда 2020-жылдан бери андагы маалымат жаңылана элек экенин көрүүгө болот.

Мыйзам долбоору быйыл 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында каралып, депутаттар "парламенттик угуудан" кийин чечим кабыл алууну туура көрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG