Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Депутат Айдарбеков президент менен жолугушканын айтты


Чыңгыз Айдарбеков
Чыңгыз Айдарбеков

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушканын 19-октябрда парламенттин сессиясында билдирди.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар - эртең саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. 22 жыл дипломатиялык тармакта, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыз элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем", - деди Айдарбеков.

Эл өкүлү комитет төрагалыгынан кетүүгө арызын жазууга даяр экенин айтып, бирок качан кетерин ачыктаган жок.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет төрагасы Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, муну тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

18-октябрда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылы билдирүү таратып, Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Суу сактагычты сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөйт. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG